www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш утту

Кыргызстандын грек-рим балбаны Раззак Бейшекеев Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль утту.

Бейшекеев 67 кг салмакта күрөштү.

Ал таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде индиялык, андан кийин япониялык балбанды жеңип, финалга чыкты.

Алтын үчүн Бейшекеев ирандык Саед Эсмаели менен кез келип, бирок атаандашына 0:3 эсебинде жеңилип, Азия чемпионатынын күмүш байгесин тагынды.

Эскерте кетсек, бул эки балбан былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында да күрөшкөн. Анда Эсмаели 1:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Саед Эсмаели Париждеги Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болуп саналат.

Белгилей кетсек, 25-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионатына 30-мартта аяктайт. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштар 25-26-мартта болуп өттү. Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш башталат.

Бул мелдешке барган кыргызстандык 10 грек-рим балбандын ичинен экөө гана медаль тагынды — Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) коло жана Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш утту.

Последние новости