www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынынын Мамлекеттик патенттик- техникалык китепканасында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракелик иш-чараларынын алкагында уюштурулган «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» аттуу көргөзмөсү ачылды. Жыл бою Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын көргөзмө залында Чыңгыз Айтматовдун китептери, өмүр баяны жана чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар, чыгармаларына болгон ой-пикирлер, көз-караштар айтылган китеп жана гезит бетиндеги макалалар толукталып турмакчы.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын алкагында 2018-жылы Кыргызпатент тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаш сүрөтчүлөрдүн иштеринин альбомун басып чыгаруу пландалууда. Ошондой эле, Кыргызпатент “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы заманбап чакырыктар” жана “Жаштарды маданий тарбиялоодогу Айтматовдун чыгармаларынын ролу” аттуу жаштар форумун өткөрүүнү пландаштырууда.
Көргөзмөнүн дареги:
Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана,
Эркиндик бульвары, 58-а Кыргызпатенттин имаратында жайгашкан баннерди
даярдоодо колдонулган сүрөттүн автору Эркин Болжуров.
Гүлбара Кудайбердиева
Булак: NazarNews.kg