www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги эң атактуу жана эң кымбат жасалгалуу “Ала-Тоо” эс алуу борбору өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындарына таандык болуп чыкты. “Кактустун” 3-апрелдеги жазуусуна караганда, “Ала-Тоонун” кожоюну элде айтылып келгендей Өмүрбек Бабанов же Каныбек Нарбаев эмес. Ал Сапар Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаеванын бир тууган сиңдиси Бакыт Өмүрбаевага таандык болуп чыкты. Ал “Ала-Тоонун” директору. Анын өнөктөрү Бакытбек Нарбаев жана Бурулкан Тентимишова экен.
Бишкектин Дайыр Асанов атындагы паркынан 14.22 гектар жер да ушул “Ала-Тоого” берилгени аныкталды. Ал жердин берилиши боюнча 2013-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, Бишкектин ал кездеги мэри Иса Өмүркулов соттолуп кете жаздаган…
Атамбаев “оң колум” кастарлаган, азыр өкмөт башчы катары сактап калууга далбас урган Сапар Исаковдун аралашуусу парктан жер бөлүүгө Өмүркуловду мажбур кылгандай. Ал кездеги Баш прокурор Аида Салянова козгогон кылмыш ишин Атамбаев, Исаков соттун күчү менен баскандай…
Айтмакчы, “Ала-Тоо” ресторанынан бир-эки күн мурун 175 адам ууланып, алардын бир нечесинин абалы өтө оор экени кабарланган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Сапар Исаков болсо аташкасынын колдоосу менен “Таза коом” курууда… Аташкасы болсо «ишкерлерге ушинтип бейиш курган» экен…
Булак: Элньюс