www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Электр станциялары” ААКнын башкы директору Узак Кыдырбаев кармалды. Бул тууралуу КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 2-апрелинде УК УКМК тарабынан Бишкек ЖЭБдин, “Электр станциялары” ААКнын, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын айрым кызматкерлерине КР КК 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 30-январында Бишкек ЖЭБдеги авария фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

 Кыдырбаев УКМКнын убактылу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости