www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызнефтигаз" дагы сатылабы?

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызнефтигаз" ишканасына Өзбекстандан, Кытайдан жана Орусиядан инвесторлор кызыгып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев: "Кыргызнефтигаз" өзүнүн 10% гана көлөмүндө иштеп жатат. Бул абдан аз.Түштүктө күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талап жогору. Мунайды иштеп чыккандан кийин аны сактай турган жер аз болуп жатат. Инвестиция керек. Менин маалыматым боюн-ча, кытай, өзбек инвесторлорунан жана Газпромдон" сунуш түшкөн. Ошонун алкагында азыр каралып жатат», - билдирди. Буга чейин "Кыргызнефтигаздын" элдеги акциялары жыйнала баштаганына акционерлер нааразы болуп чыгышкан. "Кыргызнефтигаз" ишканасынын башкы инженери Тимур Мураталиев өндүрүштү жогорулатуу жана жаңы кен жайларын ачуу максатында өкмөт Тазпром" ишканасы менен сүилөшүү жүргүзгөнүн, учурда эки тараптан сегиз адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнүн бидирген. Анын айтымында, инвестор акциялардын 100%ын талап кылгандыктан, элдин колундагы акцияларды чогултуу башталган. 2500 адам иштеген "Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Ишкана былтыр 100 миң тоннага жакын мунай өндүргөн.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун берген маалыматына караганда, мамлекеттин карамагында 1150 ишкана бар. Алардын 894ү иштебейт. Өткөн жылдын жыйынтыгында мамлекеттин карамагындагы ишканалардан 124 млн. сом көлөмүндө киреше алынган, бул өтө аз. Демек мамлекеттик мүлк натыйжалуу башкарылбай, жөндөмсүз жетекчилердин кесепетинен республикалык бюджет көптөгөн каражаттан куржалак калууда.

Булак: Фабула
 

Последние новости