www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев «сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн» «ыйык» экен. Мыйзамды көзгө илбей, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, өз билгенин жасап жатканын Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин айтышты. Бир дагы жогорку жетекчи, коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик орган реакция жасап, чара көрөлү дешкен жок.\

Мына Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келбегенин айтып чыкты. Ошондой эле Ногойбаевдин бала-чакасы да ишканага тиешелүү жерлерди өздөрү каалаганча пайдаланып жатканын, кызы конок үйүн куруп алганын да кошумчалаган.

Булары аз келгенсип, мамлекеттин бгоджети 22 миллиард сом аңырайган жыртык ненен отурса, Ногойбаев Өзбекстандын Кыргызстандын «Темир жол ишканасына» болгон 137 млн. сом карызын кечип таштаптыр. Бул деген мамлекетке кылган чыккынчылык да. Анан да уялбай: «Кызым мага ыйлап келбей, ийгиликтүү ишкерлик кылып жатат. Мен сыймыктанам», - деп уялбай сүйлөп жатат. Мындайды түз эле түрмөгө отургузса жарашмак... Коррупция менен күрөшөм дегендер кайсы жакты карап отурушат?..

Булак: Фабула

Последние новости