www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүн, 27-февралда "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.

"Жыйын жүрүшүндө минкаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет. Ошондой эле президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө", - деп жазды ал.

Белгиленгендей, республикалык кеңешме УТРК жана башка республикалык, облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактагы баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Башталышы саат: 11:00.

Последние новости