www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу базары — Борбор Азиядагы ири соода түйүндөрүнүн бири. Миңдеген ишкерлер нанын таап, аймактык экономикага олуттуу салым кошуп келет. Өз учурунда базардын директору Нурбек Эргешовдун айланасында чыккан дооматтар коомчулуктун көңүл чордонунда болгону менен ага эч кимдин күчү жетпеген.

Социалдык тармактарда жана айрым маалымат булактарында базар жетекчисине карата төмөнкүдөй дооматтар айтылган: ишкерлерден “пайыз” талап кылуу, орой мамиле жана күч колдонуу фактылары, айрым адамдарды кемсинтүү.

Бул маалыматтар коомчулукта нааразы пикирлерди көп эле жаратты. Ошол эле учурда бул дооматтар расмий сот чечими менен тастыктала электигин белгилөө маанилүү.

Акыркы жылдары Кыргызстанда криминалдык таасирге каршы күрөш күчөгөнү айтылып келет. Бирок Нурбек Эргешов деле каралардан кем эмес, айрымдарын оозун канжалатып, бешенесин жарган учурлар деле кездешти. Тилекке каршы эч ким үн катпады, жоопкерчиликке тартылбады.

Эми каалаганын калчап, хандарча жашаган Нурбек Эргешовго окшогон чоң муштумдардан арылганга убакыт келип жетти окшойт сыягы.

Последние новости