www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чоң Алайда 16 жаштагы кызын турмушка берген ата-энеге сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Чоң Алай райондук соту 16 жаштагы кызды турмушка бергени үчүн кыздын ата-энесин анын күйөөсүн жана баланын ата-энесин күнөөлүү деп таап, ар бирин 2 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бирок ошол эле кодекстин 83-беренесинин талаптарынын негизинде соттолуучулардын ар бирине 1 жыл пробациялык көзөмөл дайындалды. Ал эми нике окуган молдонун каза болгондугуна байланыштуу ага кылмыш иши козголгон жок.
"Соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу өспүрүм кыз өзүнүн учурдагы күйөөсү менен сүйлөшүп жүрүп баш кошкондугун, аны никеге турууга эч ким зордобогондугун айткан. Ошондой эле бүгүнкү күндө жолдошу экөө балалуу болуп, чогуу жашап жатышкандыгын айтып көрсөтмө берген", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жабырлануучу кыз 2002-жылы февраль айында туулган. Ал турмушка 2018-жылдын февраль айында чыккан. 2019-жылдын апрель айында Чүй облусунун Москва районуна караштуу төрөт үйүнө барган. Ага ошол жерден Москва РИИБи иш козгогон.
Булак: NazarNews.kg