www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Алайдын” футболчуларын ким сабады?

Демейде, спортсмендер, футболчулар өздөрүнүн күчүн оюн талаасында гана көрсөтүүгө тийиш. Ал эми жеңгени жеңилгенин көтөрүп, далысынан таптап узатат. Бул кайсы гана сопорттун болбосун эл аралык деңгээлдеги эрежеси. Тилекке каршы 21-майда социалдык тармактарда Бишкектин "Алга" футбол клубу менен Оштун "Алай" командасынын ортосунда жаңжал чыкканы тууралуу маалымат фотосу, видеосу менен кошо тарап кетти. Окуя 20-майда Кыргызстандын чемпионатынын алкагында Кант шаарында өткөн беттештен кийин болгону айтылууда. Социалдык тармактын колдонуучулары "Алайдын" чабуулчусу Алия Силла менен коргоочусу Шухрат Рахмонов сабалганын жазышкан. Ал эми Чүй облустук милиция массалык мушташ болду деген маалыматты четке какты. Билдирмеге караганда, командалардын экиден ашык оюнчулары чырдаша кеткен. Жаңжал жекшемби күнү саат 18.00дө болгон.

Жаңжалга канча футболчу катышканы белгисиз. Чыр-чатак бир команданын оюнчусунун нааразычылыгынан улам чыккан. Бул факты боюнча экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилерин ИИМ билдирди. Ошондой эле оюнчулар тарабынан арыз түшкөнүн милициядан маалымдашты. Демек, арыз жазылгандыгына караганда, мушташ бир топ эле канжалаган деңгээлде болгон. "Алга" футбол клубу YouТube каналына жарыялаган видеодо, жаңжал оюн талаасынан башталганын көрүүгө болот. Бирок ал видеону кечке жуук өчүрүп салышкан, анткен менен интернет колдонуучулар аны соцтармакка бөлүшүүгө жетишкен. Бул боюнча "Алга" футбол клубунун маалымат кызматы окуя жөн жерден чыкканын билдирди. Анда футболчу Алия Силла белгисиз адамдар менен жаңжалдашканы жана ага "Алганын" кызматкери жана колдоочулары катышпаганы айтылат. "Мелдеш бүткөндөн кийин "Алай" клубунун оюнчулары белгисиз кишилер менен чатакташкан.

Аларды стадиондун күзөтчүлөрү менен укук коргоо органдары жайгарууга аракет кылышты. Мындай окуялар кайра кайталанбашы үчүн Футбол федерациясынын дисциплинардык комитети Силланын жасаган аракеттерине өз баасын берүүсүн сурайбыз", — деп айтылат билдирүүдө. Жаңжал менен коштолгон беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Турнирдик таблицада "Алга" биринчи сапта турат. Ал эми Оштун командасы Кыргызстандын азыркы чемпиону. Эми футбол федерациясынын жетекчилиги, тиешелүү тартипти коргоого милдеттүү болгон органдар жоопко тартылабы?

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости