www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алай райондук прокуратурасы жаңы имараттуу болду

Ош облусунун Алай районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Иш-чарага башкы прокурор Максат Асаналиев катышты.

Башкы прокурор мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлүп, жаңы имарат кызматтык милдеттерди татыктуу аткарууга жаңы дем берээрин баса белгиледи.

Алай районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1968-жылы курулуп, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имараттын курулушу кыска мөөнөттө толугу менен аяктап, кызматкерлер заманбап жана зарыл болгон шарттар менен камсыздалды.

Учурда өлкө жетекчилиги тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөлдүк ишмердүүлүктүн жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында көптөгөн кызматтык объекттер курулуп келет.

Последние новости