www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын утурумдук президенти Ахмед Аш-Шараа өлкөнүн бардык аймактарында борбордук башкаруу орнотууга батыл киришти.

Сириянын өкмөттүк армиясы күрддөр жетектеген Сириянын демократиялык күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарды бошотуп, бир катар провинцияларды, анын ичинде Алеппо жана Дейр-эз-Зорду, Евфраттагы эки ГЭСти жана Ракка шаарын өзүнө кайтарып алды.

Күрд кошуундары болсо “Ислам мамлекети” террордук уюмунун согушкерлери деп шектелген миңдеген адам кармалган лагерлерден чегинүүгө аргасыз болуп жатканын айтып, АКШ баштаган коалицияны аларды коргоого чакырды. SDF абактарды кайтаруу коопсуздукка коркунуч туудуруп, терроризмдин кайра күчөшүнө алып келерин эскертти.

Шейшембиде АКШнын аты аталбаган өкүлү “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун 200дөй согушкери Шаддади абагынан качканын билдирди, бирок Сирия өкмөтү алардын көбүн кайра кармаганын билдирди. Күрд кошуундары Ал-Хол лагеринен да чыгып жатканын жарыялады.

БУУ да кагылышуулар жана абактардан качуулар жайкын тургундардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын билдирип, тынчсыздануусун билдирди.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын этегинде Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, Орусияга качууга аргасыз болгон.

Бийликти кулаткан күчтөрдүн башында турган "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед Аш-Шараа былтыр январда убактылуу президент болуп дайындалган.

Булак: NazarNews

Последние новости