www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алай районундагы Сары-Могол айылында таеже-таажездесинин колунда калып, зомбулукка кабылган үч жашар бөбөктүн абалы канааттандырарлык, учурда фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды. Бул туурасында Эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, Ош облустук милициясы Н. аттуу кичинекей бөбөктү энеси таежесине таштап кетип, ал ур-токмокко алынганын билдирип, чоо-жайын айткан. Баланын миграцияга кетти деген энеси менен тергөөчүлөр телефондон сүйлөшкөндүгүн маалымдаган. Учурда бул боюнча текшерүү иштерин Алай РИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.
"Райондук ооруканадан балага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Алай райондук Социалдык жактан камсыздоо башкармалыгынын буйругу менен бөбөк А.Албаеванын фостердик үйүнө жайгаштырылды. Учурда абалы канааттандырарлык", — деп айтылган маалыматта.
Таратылган маалыматта бөбөктүн андан аркы тагдырын Алай райондук акимчилигинин балдар иштери боюнча комиссиясы карап чечери кабарланган.
Булак: NazarNews.kg