www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алайда сел кырсыгы 6 адамдын өмүрүн алды

Бүгүн, 24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, адам өмүрүн алган оор кырсык катталды.

Алдын ала маалыматка ылайык, Ош–Алай унаа жолунун 58-чакырымында жеңил автоунааны сел суусу агызып кеткен. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада унаада болгон 6 адамдын жансыз денеси табылып, дагы 2 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.

ӨКМ билдиргендей, сел жүргөн аймактарды кошумча кароо учурунда дагы каза болгондордун жансыз денелери табылган.

Учурда алардын өздүгү такталып, кырсыктын бардык жагдайлары иликтенип жатат.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сел коркунучу бар аймактарда өзгөчө сак болууга жана аба ырайына байланыштуу расмий эскертүүлөрдү так аткарууга чакырды.

Последние новости