www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-июнда Баткен районунда мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жер айылына сел түшүп, Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун 222-чакырымында жолду кесип өткөн сай аркылуу сел суусу агып, жол убактылуу жабылды.
Жаратылыш кырсыгынан улам Жаңы-Жер айылындагы мөмөлүү бак-дарактар да жабыркап, түшүмгө зыян келтирилгени маалым болду.
Ал эми Баткен шаарында сел суулары сел өткөрүүчү сайдан ашып, Кызыл-Дөң кварталындагы бир турак үйдүн жер төлөсүнө жана эки турак үйдүн короосуна кирген.
Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Абалды жоюу иштерин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов көзөмөлгө алды.