www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-июнда Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» инвестициялык бизнес-форумунун ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев сөз сүйлөдү.
Ал Кыргызстандын ШКУдагы 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагында ишкердик байланыштарды чыңдоо жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, төрагалыктын башкы окуясы ушул жылдын сентябрь айында Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик саммити болот.
Данияр Амангелдиев акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү эки эседен ашык өскөнүн айтып, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу аймактагы негизги стратегиялык долбоорлордун бири экенин белгиледи.
Ошондой эле ал санариптик соода, жашыл энергетика, логистика, өнөр жай кооперациясы, азык-түлүк коопсуздугу жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташууну күчөтүүнү сунуштады.
Форумда өлкөнүн инвестициялык климаты тууралуу маалымат берилип, акыркы беш жылда Кыргызстандын орточо жылдык экономикалык өсүшү 10%га жакындаганы, 2025-жылы ИДП 11%га, ал эми 2026-жылдын алгачкы беш айында 12,2%га өскөнү айтылды.
Сөзүнүн соңунда Данияр Амангелдиев Кыргызстан узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр, ачык жана ишенимдүү өнөктөш бойдон каларын белгилеп, ШКУ өлкөлөрүн 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине жана быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.