www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда өткөрүлгөн «Издөө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды.
Милициянын маалыматына ылайык, 1983-жылы туулган шектүү Ош шаарында жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн.
Ал 2024-жылдан бери мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн издөөдө жүргөнү аныкталган.
Тергөөдө анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.