www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай төлөмдү толугу менен жойбой, аны чектелген тартипте калтырууну пландоодо. Бул маселе шаардык кеңештин жыйынында талкууланды.
Сунушка ылайык, автобустарга жана аялдамаларга накталай акчага билет саткан атайын аппараттар орнотулуп, контролёрлор иштейт. Ал эми телефону же төлөм картасы жок жүргүнчүлөр, контролёрлор жок болсо билетти түздөн-түз айдоочудан сатып ала алышат. Бирок мындай учурда жол кире акысы 60 сомду түзүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, шаардагы 72 автобус каттамынын ар бирине кеминде бештен төлөм терминалын орнотуу каралууда. Борбордук аялдамаларда алардын саны көбүрөөк болот.
Шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов накталай төлөмдү толук жоюу мыйзамга каршы келерин белгилесе, бул позицияны вице-мэр Рамиз Алиев да колдоду.