www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алайда жаран газ-жарат келтирүүчү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алайда милиция кызматкерлери тарабынан «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү.

Анда кызматкерлер жарандарга ок атуучу куралды сактоо, колдонуу жана алып жүрүү эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иш алып барышты. 

Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 1 жаран бир даана газ-жарат келтирүүчү куралын өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырды. 

Ошондой эле сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринин негизинде протоколдор түзүлүп, аларга карата 6 000 сом айып пул салынды.

Белгилей кетсек, бул аракеттер жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, коомдогу туруктуулукту сактоого жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган.

Ош ОИИБи жарандарга эскертет! Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. 

Последние новости