www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычевге карата Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан чыгарылган өкүм коомчулукта чоң талкуу жаратты.

Бирок, көпчүлүк жарандарда юридикалык билим болбогондон кийин, жаза жеңил болуп, коррупционерлер жеңил кутулгандай пикирлер айтылууда. Мында бир нерсе эске алынбай жатат. Мурдагы Кылмыш-жаза кодекси боюнча коррупционерлерге ушундай гана жаза каралган. 

Мыйзамда коррупционерлерге мындай жеңил жазанын киргизилишине мурдагы бийликтегилер өздөрү кызыкдар болушкан. Анткени, мыйзам бузуп, коррупциялык иштерди жасап жатышканын билишкен жана кийин өздөрүно кокусунан кылмыш иши козголуп калса, анда жазадан жеңил кутулуунун ошондой мыйзамдуу жолун да карап коюшкан. 

Ошондуктан сот А.Абдувапов менен И.Кыдыргычевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган санкциялар боюнча өкүм чыгарды. Кодекстин эски редакциясы боюнча айыпталуучу (соттолуучу) күнөөсүн моюнуна алып, процессуалдык келишим түзгөн учурда, мамлекеттин пайдасына келтирилген зыянды төлөп берүү менен айып пул салуу каралган.

А.Абдувапов жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, ошондой эле мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан.

Бирок, өлкөдөгү коррупция менен аеосуз күрөш жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мурда бир нече жолу белгилегендей, мындай “гумандуу” мыйзамдар менен коррупциянын тамырын кыркууга болбойт. Ошондуктан ал тиешелүү мыйзамдарга коррупцияга айыпталган адамдарга жазаны катаалдантуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү, кылмышкерлер тарабынан келтирилген чыгымдардын орду толтурулса да, алардын жазасыз калбоосу боюнча демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал парламент тарабынан кабыл алынып, иштей баштаган. Ошондуктан мындан ары кармалган коррупционерлерде мындай жеңил жаза алуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Последние новости