www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын СИЗОсунда кармалып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында анын жактоочуларынын бири Сергей Слесарев билдирди. Буга чейин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев, Атамбаевдин кан басымы көптөн бери төмөндөп, башы айланып, ордунан туралбай калып жатканын билдирген.

Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаттары да тастыкташты. Бирок, Атамбаев жеке өзү ден соолугу тууралуу арыздануудан баш тартып, намыстанып жатканын, ал эч качан душмандарга өзүнүн алсыздыгын билдирүүнү каалабаган инсан экенин тарапташтары айтып да, жазып да жатышат.

Кан басымдын төмөндөшү бир топ кооптуу жагдайларга алып келүү коркунучу бар экенин, көз карандысыз медиктер да айтышууда. Президент Сооронбай Жээнбеков тез аранын ичинде бир чечимге келип, Атамбаевди үй камагына чыгарууга аракеттерин көрбөсө, эртең кеч болуп калып, өмүр бою өкүттө калышы мүмкүн болуп турат...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости