www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районундагы айыл өкмөттүн кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, документтерди жасалмалоо жана алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 16-апрелде билдирди.

Кылмыш иш Кылмыш-жаза кодексинин 39-337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга аралашуу»), 379-берене («Документтерди жасалмалоо»), 209- берене («Алдамчылык») менен каралып жатат.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган шектүүлөр:

- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.А. (1974-жылы туулган);

- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн мурунку кызматкери К.А. (1963-жылы төрөлгөн);

Бул ишке Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы — 1960-жылы төрөлгөн Д.Ю. да катышканы аныкталган. Ал учурда стационардык дарыланууда.

Сөз 2019-жылдын күзүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерди сатуу шылтоосу менен шектүүлөр ээлеп алган 15 миң доллар тууралуу болуп жатат.

Расмий маалымат боюнча, шектүүлөр жасалма токтомду пайдаланышкан.

Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости