www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер үй кени бир жылдан бери иштесе да отчету жок, ал жерден канча алтын алганын айтышы керек. Азыр ошол жактагы өзөндүн киргилт тартканы Жер үйдүн алтынды чыгарып жатканынан улам эмеспи?
Экс-спикер Дастан Жумабеков Бабановго касын арткан боюнча парламентте жар салып кыйкырып жүрөт. Бабанов “мышык-чычкан” ойноп бир Москвага жашынып, бир Бишкекте жүргөнү менен КТРКны анын “кол балдары” билет.
Бабановдун Бишкек муштумун түйүп койсо, Кремлге жашына калганынын сыры кыргызга тиешелүү кенди Орусияга берип, анын башына КТРКнын Байкоочу Кеңешинде жүргөн Кубат Болоткановду коюп койгон. Орусия президенти Путиндин Жер үй боюнча президент Жапаров менен онлайн-конференция өткөргөнү бар.
Кубат мырзанын Кыргызстанга деле жеке таарынычы жок, бирок Бабанов «абиси» коюп койгон соң бул ишти аткарыш керек. Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралып жатканда депутаттар Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болоткановду сындап, кеңештин курамын кайрадан түзүү боюнча сунушун айтты.
Анда Кубат Болотканов: "Мени Жогорку Кеңештин жалгыз депутаты шайлаган эмес. Мен Жогорку Кеңештин 114 депутатынын колдоосун алгам. Сиз Байкоочу кеңештин курамын кетирип, жаңысын алып келели десеңиз сиздин укугуңуз. Жалгыз депутаттын сунушу менен жумушту жыйыштырып кете албайм", - деди.
Депутат: "Сизди 114 депутат шайлаптыр. Азыр канчасы каршы чыгарын депутаттар өздөрү чечет. Эл шайлаган депутат катары өзүмдүн оюмду айтып жатам.
Эртең келбейм деп айттыңыз ошон үчүн ушул суроону көтөрүп жатат", - дейт ал. "Эртең келе албасам, келе албайм деп айтам да. Мен бул жерге 5 жолу келдим", - деди Кубат Болотканов.Эртең «абаиси» Бабанов мойнуна зарыл иш жүктөп жатса кантип келет?
Москва «Жерүй» алтын кенинде жергиликтүү тургундар өз нааразычылыгын билдиришип, бул алтын кенин жаап, отуз жылга мораторий киргизүүнү талап кылып жатышат. Бул элдин ыйы, жүрөгүнөн атырылып чыккан кыйкырыгы экени белгилүү, бирок алардын сөзүн ким угат? Элдин ыйы, элдин үнү угулбай калгандыктан, канчадан бери калкып жаткан элдин каары кайрадан ойгонду.
Эми парламенттик шайлоо алдында айтыла турган сөздөр угулат болду бекен деген үмүт менен бийлик тарапты жалт –жалт караган эл «Жерүй» менен жексен боло турган келечекти карап үн сала баштады.
Жергиликтүү элди түйшүккө салып, муңкангандары эмне: “Жерүй” кенинин 40%ы Орусия жараны Муса Бажаевге, 40%ы түбү токмоктук, Орусиянын жараны маркум Алижан Ибрагимовго, 20%ы Өмүрбек Бабановго тиешелүү, мамлекеттин үлүшү нөл. Орусиялык президент Владимир Путиндин онлайн аркылуу “Жерүй” кениндеги комбинатты ачышынын себеби ушундай. Орусиянын үлүшү 80 пайыз болуп турса, “Жерүй” кенинен көлөмдүү канадалыктарга тиешелүү “Кумтөр” тууралуу ооз ачпаган Орусия жана орус эли үчүн патриот Путин чыгары бышык.
“Башкасын коюп Манасты айт” - демекчи, Талас жеринин жана элинин ирдүү экологиялык келечеги байланган “Жерүй” кенинин орусиялык “Альянс Алтын” компаниясына сатылышына Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар, убагында “Восток- Геолдобыча” компаниясынын президенти Муса Бажаев менин досум дегени жана «Жерүй» кенинде бул арзыматтын кызыкчылыгы бар экени бүгүнкү күндө тастыкталып жатат.
Бир кездеги “НК Альянс” май куюуучу заправкалар түйүнү, Муса Бажаевге жана Өмүрбек Бабановго тийиштүү болгону карапайым калктын эсинде. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов өзү да: “Бажаев менин досум, «НК Альянс» экөөбүздүкү”, - деп ачык эле айтып жүргөн. Бул кенде да көйгөйлөр бар: Биринчиден, кенди казып жатканда экология маселеси биринчи орунда турат.
Кенди казып алып жаткандар үчүн бары бир, аларга эмне алтынды казып алып кете беришет. Экология маселеси, жайкалып жаткан Жерүй жайлоосунун бузулушу элдин мойнунда калат. Бул маселе «Жерүй» алтын кенине бир-аз акча каражаттарын ыргытып, миллиардаган пайда көрө турган инвесторлордун башын да оорутпайт.
Мейли инвесторлор кимдир- бирөөлөрдү ортого салып алтын казып алуу үчүн инвестицияларын алып келишкени менен экология маселеси оор бойдон калат. Жер -эне кайрадан түйшүктүү көз жашын төгүүнү баштайт.
Экинчиден, «Восток добыча» компаниясы мамлекеттин бюджетине лицензиялык келишимдердин негизинде 100 миллион доллар төлөгөн.
Ачык-айкындуулук жоктугунан пайдаланып ушул төлөнгөн 100 миллион доллар тиешелүү жерлерге жумшалдыбы же кимдир -бирөөлөрдүн кекиртегине кирип кеттиби, жергиликтүү элдин шегин жаратып турат. Муну ошол кезде ушул иштерге тиешеси бар, бүгүнкү «Республика» лидери болуп жүргөн Мирлан Жээнчороев билер бекен?
Үчүнчүдөн, «Жерүй» алтын кенин алып жатышканда компаниянын кожоюндары, аларга таянышкан жергиликтүү бийлик бул долбоор боюнча алтынды кайра иштетип чыгаруу үчүн заманбап эң жаңы үлгүдөгү технологияларды пайдалана турганын кайра –кайра кан –какшап турган. Заманбап эң жаңы үлгүдөгү технологиялар кайда же алтын кенин алуу учурунда гана элдин көзүн будамайлап, алдоо болгонбу?
Төртүнчүдөн, алтынды өндүрүп жатканда колдонула турган химиялык продуктарды нейтралдаштыруу максатында эмне иштер жүргүзүлүп жатат? Таштандыларды сактай турган жайлар даяр болду беле? «Жерүй» карьерасынан руда казылып алганда долбоор боюнча бир тонна рудада баалуу металлдын саны 3,6 грамм болсо, суу менен гидрометаллургиялык аракеттерди жасаган соң 3,2 грамм гана калат дешет. 0,4 грамм алтын каякка кетерин ким билет, андан соң көптөгөн тазалоолордон улам, муну тазалаган таштандылар каякка кетет?
Бешинчиден, алтынды кайра иштетүү технологиясында цианидди колдонуу зарыл. Алтынды рудадан ээритип бөлүп алуунун негизги процесси металлдашкан чанда цианид куюлуу менен ишке ашат. Эгер бул металлдашкан чандар кырсыкка учураса эмне болот?
Алтынчыдан, таштандыларды сактай турган жайларга чейин алтын жуулат экен, ушунун суулары жана таштандылары сыртка чыгып өзөн, дарыяларды булгай турган болсо чоң экологиялык кырсыктарга алып келбейби?
Жетинчиден, таштандыларды сактай турган жайлар да кандайдыр бир мөөнөткө гана сакталат, 5-7 жыл иштетилген соң ашып кетсе жыйырма жылга сакталар. Биз келечек муундарыбызга иштен чыккан таштандыларды сактай турган жайларды калтырабызбы? Мына ушундай көйгөйлүү маселелер «Жерүй» алтын кенин иштетүүнү отуз жылга чейин токтото туруу боюнча жергиликтүү элди мораторийге түртүп жатат.
Муса Бажаев 1966-жылы Чечен Республикасынын Грозный шаарында жарык дүйнөгө келген. «Группа Альянс» ААКсынын президенти, «Жер үй» алтын кенинин ээси. «Жер үй» алтын кени боюнча Бабанов менен Бажаевдин байланышы боюнча ММК беттеринде көп жазылды. Ошону менен катар «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстанда 2015-жылы катталган.
Анын негиздөөчүсү «Жер үй» алтын кенин иштетүү боюнча конкурста жеңишке жеткен «Восток-геолдобыча» ААКсы. Өз кезегинде «Восток-геолдобыча» Муса Бажаевге тиешелүү болгон «Русская Платина» компаниясынын алдындагы фирма болуп саналат. Ал эми «Альянс Алтын» ЖЧКсынын 20% үлүшү Өмүрбек Бабановго караштуу фирмага тиешелүү экенин маалымат каражаттары чуулдатып келатат.
Маалым болгондой Жерүй кенинин толук кандуу ишке киришүүсү оңой олтоң болгон жок. Экологиялык маселелер ар дайым көңүл чордонунда болуп жалпы эл анын ичинде биз да "Альянс Алтын" компаниясынын жүргүзгөн саясатына каршы болуп келгенбиз. Аталган компания негиздеген "Бакубат Талас" фонду Талас облусундагы ар кандай социалдык долбоорлорду каржылап, фонддун аркасы менен облустагы бир топ социалдык-экономикалык маселелер чечилип жатканы жалпы элге маалым болгондон кийин гана элдин компанияга болгон ишеними жогорулады.
Эл менен иштөөдө, "Бакубат Талас" фондунун ишин коомчулукка ачык айкын жеткирүүдө, "Апрель революциясынын баатыры, белгилүү журналист, коомдук ишмер, учурунда ушул фонддун директору болуп иштеген Асылбек Анарбаевдин (Умар) эмгеги зор болду деп, белгилейбиз. Умар Анарбаев, жумушун ачык-айкын жүргүзүп фонддун каражаттары кай жакка жумшалып жатканын бир тыйынына чейин жалпы коомчулукка жана түздөн-түз жетекчилигине отчёт берип жигердүү эмгектенип жаткан.
Башкача айтканда, "Альянс Алтын" компаниясы менен элдин ортосуна мамилелердин жөнгө салынышына зор салым кошуп жаткан. Бирок, тилекке каршы, "жылан чакпай жылкы теппей" эле Умар Анарбаев өз ишин жогорку деңгээлде аткарып жатса дагы "далысына бычак сайышып" Өмүрбек Бабанов өзү кийлигишип эч себепсиз эле жумуштан алып койду.
Көрсө, Өмүрбек Бабановдун кудасын Умар Анарбаевдин ордуна отургузууну көптөн бери көксөп жүргөн экен.
"Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген "Бабановдун мындай куйту саясатына Таластын эли анын ичинде "Апрель баатырлары" нааразыбыз. Бабанов Талас облусун каалагандай калчагыдай ал өзү деги ким?! Акимби, губернаторбу же Жерүйдүн жападан жалгыз кожоюнубу?! Же Талас облусунун кадр бөлүмүнүн жетекчисиби?! Эмне үчүн, кийлигишет?!
Жерүйдө үлүшү бар болсо, мыйзам чегинде келишимдин негизинде пайдага туйтунуп жүрө берсе ким кой деп жатат? Бабанов "Альянс Алтын" ишканасынын ички иштерине кийлигишкенге кандай акысы бар?!
Талас облусунун жетекчилиги, эли менен эсептешпей жана акылдашпай туруп Бабанов өзүнүн кудасы Батыр Качкынбаевди "Бакубат Талас" фондуна директор кылганга кандай акысы бар?! Угушубузга караганда жогорку бийликтегилерге: "Таластын жана Жеруйдүн маселесин мага койгула, мен жайгарам дейт экен. Бабанов озу ким Таласты жайгаргандай?
Таласта губернатор деген облус жетекчиси бар, же ал менен эсептешпесе, же эл менен эсептешпесе. Таласка бир чырпык сайбаган Бабановдун кайсыл кадыры бар?! Кудасы алгылыктуу иштесе да бир жөн эле. Ал киши Бабановдун оозун карап "өгүз өлбөсүн араба сынбасын" таризинде иш алып барат экен. Бабановдун макулдугусуз өзү билип облустун муктаждыгына бир сом которуу да колунан келбеген соң, мындай мажирөө жетекчинин элге эмне кереги бар?!
Угушубузга караганда, Б.Качкынбаев учурунда Ө.Бабановдун жеке менчик АКБ "Кыргызстан" банкынын жетекчиси болуп иштеп, аркасында бир топ калбыр иштер чубалып, Бабанов экөөсү ыркы кетип кайра табышкан экен. Ушундан улам, азыр элдин арасында нааразычылыктар башталды.
Андан көрө, ардактуу эс алууга кетерине бир жыл калган, фонддо жетекчи болуп иштеген Умар Анарбаевди кайрадан өз ордуна алып келип баштаган иштерин, облустагы элге керек актуалдуу долбоорлорун аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк бериш керек.
Анткени, Умар Анарбаевдин ишинде эч кандай кемчилиги, мыйзамга каршы келген жагдайлар болгон эмес. "Альянс Алтын" компаниясы жылына 150 миллион сомду элге бөлгөндөн кийин, ал элдин кызыкчылыгына жумшалышы керек. Умар Анарбаев элдик адам болгондуктан каражатты бир тыйынына чейин калыс бөлүштүрүп эл ичинде "Бакубат Талас" фондуна болгон ишенимди арттырган.
Бул Жерүй кенинин иштешине, облустагы коомдук саясий стабилдүүлүккө зор өбөлгө болгон деп белгилейбиз! Демек, Таластын элине бөлүнүп берилген каражатты Бабанов менен анын кудасы Батыр Качкынбаевдин каалагандай калчаганга аталарынын акысы жок да?!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg