www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автоунаанын алдынкы айнегин караңгылатуу канча турат?

Автоунаалардын алдынкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатуу үчүн айдоочулар (жеке жактар) жылына 80 000 сом төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда айтылды.

Тиешелүү мыйзамга кол коюлганга чейин 50 миң сом деп айтылган.

Юридикалык жактар 100 миң, чет элдиктерге 120 миң сомго тонировка алууга уруксат берилет.

Уруксат таксилерден башка жеңил унааларга гана берилет. Токтом долбоору боюнча тонировка колдонгусу келген автоунааларда отургучтар айдоочунукун кошпогондо сегизден ашпашы керек.

Ошондой эле жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптарды төлөбөгөн жарандар алдынкы каптал айнектерин караңгылата албайт.

Уруксат ээлери электрондук маалымат базасына киргизилип, Carcheck системасына интеграцияланат. Ыйгарым укуктуу орган уруксат бергенден кийин тонировканы каалаган адистештирилген пунктка чаптатса болот.

Токтом кабыл алынса, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости