www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 13-апрелинде Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан, Арашан жана Байтик айылдарында “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу рейддик иш-чарасы уюштурулду.
Рейддин негизги максаты турмуш шарты оор, кароосуз калган жана туруктуу жашаган жери жок жарандарды аныктоо, аларга тиешелүү жардам көрсөтүү, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана социалдык кызматтын кызматкерлери тартылып, биргелешип иштер жүргүзүлдү.
Текшерүү иштери коомдук жайларда, көчөлөрдө жана кароосуз калган имараттарда уюштурулуп, жыйынтыгында бир катар жарандардын өздүгү такталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамсыз жүрүүсүн алдын алуу максатында алардын ата-энелери менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, мындай алдын алуу иш-чаралары Чүй облусу аймагында туруктуу негизде улантылууда.