www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 1-апрелинде Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1965-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аз тааныш «Н.» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.  Арызында,  2026-жылдын 9-март күнү аталган жаран Lalafo жарыялар тиркемеси аркылуу автоунаа оңдоо кызматын көрсөтөм деген шылтоо менен алдоо жолу аркылуу Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаасын жана акча каражаттарын ээлеп алган.

Тактап айтканда, шектүү автоунааны оңдоо үчүн 35 000 сом, ошондой эле Ош облусунан кыймылдаткыч алып келип берем деген шылтоо менен 130 000 сом акча каражатын башынан эле бул милдеттенмелерди аткаруу ниети жок алып алган. Мындан тышкары, ал автоунааны кайтарган эмес жана изин жашырып кеткен. Жалпы келтирилген чыгым 165 000 сомду түзөт.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган С.Н. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө С.Н. дагы жети ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Ошондой эле анын Чүй облусунун башка райондорунда да ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы текшерилүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.

Эгерде сиз аталган жарандан жабыр тарткан болсоңуз, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылууну же төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүнү суранабыз: 0550 100051, 0708 454908.
       

Последние новости