www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-сентябрда Аламүдүн районунда Төмөнкү Ала-Арча айылында белгисиз милициянын 2 кызматкерине кол салган.

Чүй ОИИБнын маалыматы боюнча, окуя болжол саат 14:15те болгон. Төмөнкү Ала-Арча айылынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз 45-50 жаштагы мас абалындагы эркек еиши эч кандай себеби жок эле бычак менен Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине кол салган.

Кол салуу учурунда милиция кызматкерлеринин бири колунан жаракат алган. Милицияга кол салган адамды кармаш үчүн табелдик курал колдонулган.

Окуянын натыйжасында жаракат алган милиция кызматкери жана кол салган адам ооруканага жеткирилген.

Аталган факт катталып, тергөө иштери башталды.

Милиция кызматкерлери кол салган адамдын өздүгүн аныкташты, ал Бишкек шаарынын 51 жаштагы тургуну С.Д. болуп чыкты. Учурда бардык жагдайлар иликтенип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости