www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери район аймагында болжол менен 35-40 жаш курактагы “Зуба” аттуу эркек киши тоноочулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу жана ок атуучу курал сакташы мүмкүн деген ыкчам маалымат алышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы жарандын аты-жөнү аныкталып, ал 43 жаштагы Ю.З. аттуу жаран буга чейин соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы аныкталган.

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы жаран тергөө кызматына жеткирилип, тергөөдө ал күнөөсүн моюнуна алган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кыскартылып жасалган ок атуучу курал алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости