www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-июнь күнү айрым маалымат агенттиктеринде Ысык-Көл облусунун «Каприз» пансионатынын ичинен жол тандабас автоунаасы фонтандан секирип өтүп, жолдун четиндеги тосмолорду жана скамейканы талкалагандыгы боюнча видео тасма тартууланган.

Аталган видео тасма боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди:

"7-июнь күнү болжол менен эртеӊ мененки саат 06.00 чамаларында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына, Бостери айылында жайгашкан «Каприз» пансионатынын админисрациясынан телефон аркылуу кабар түшөт. Анда, пансионаттын эс алуучусу өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жол тандабас автоунаасы менен фонтандын үстүнөн жогорку ылдамдык менен секиртип өтүп, андан кийин аллеянын четиндеги тосмолорду жана скамейканы сүзгөнүн кабарлаган.

Аталган кабар боюнча райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, айдоочуну сураганда, ал төмөндөгүлөрдү айтып берген. 21 жаштагы Бишкек шаарынын Б.В. аттуу тургуну, Бостери айылында жайгашкан «Каприз» пансионатына эс алууга келген. Ошол күнү, жол тандабас «Мерседес-Бенц GL-500» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап бара жатып, алдындагы фонтанды көрбөй калып, андан автоунаасын секиртип, өтүп аллеянын четиндеги тосмолорду жана скамейканы сүзүп алганын билдирген. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Медициналык текшерүү учурунда айдоочу спирт ичимдиктерин ичпегендиги аныкталган. Аталган факт райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 124 беренеси (авто ээнбаштык) жана 127 беренесинин 2 бөлүгү (Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) менен протокол түзүлүп, автоунаа айып төлөнүүчү жайга коюлду", - деп айтылат билдирүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости