www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун маалыматын угушту.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Алишер Эрбаев армиядагы өзгөчө кырдаал боюнча тема көтөрдү. Ал Улуттук гвардиянын кызматкерлери тарабынан кызды зордуктоо боюнча иштин чоо-жайын сурады.
Аскер прокурору Сагындык Мукашев бул кылмышка шектелип эки кызматкер - майор жана капитан кармалананын, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Ал эми, коргоо министри Бактыбек Бекболотов Улуттук гвардиянын офицерлери гауптвахтага жайгаштырылды деп жооп берди.
"Алдын ала маалымат боюнча, аскер кызматкерлери унаада отурушканда жанынан бир кыз өтүп бараткан. Же провокация кылышты, же башка нерсе... Ал жерде алардын ортосунда байланыш болгон. Эртең менен РОВДнын тергөөчүлөрү бөлүмгө келишти", - дейт Бекболотов.
Эл өкүлү зордуктоо фактысы бар же жок экенин тактады. Коргоо министри: «Факт болгон, ошон үчүн камалды» деп жооп берди.
Алишер Эрбаев коргоо бөлүмүнүн башчысы бардык жоокерлер жана офицерлер үчүн жооптуу экенин айтты.
«Эмне үчүн окуя Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, экинчиси Чек ара кызматында болду деп жатасыз? Аларды ким армияга чакырды? Аскерге көчөдөн же базардан келиштиби? Тандоо, даярдоо Коргоо министрлигинин башкы оперативдүү башкармалыгы жана облустук аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлүшү керек болчу", - деп ачууланды.
Депутат аскер прокурорунан коргоо министринин аракетине баа берүүнү суранды.
Булак: NazarNews.kg