www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев менен Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун ортосунда оозеки чыр чыкты.

Депутат коргоо министрин суроолорго жооп берүүсүн суранды, бирок чиновник парламентарийдин сөзүн бөлдү.

"Суроо бергенде жооп бериш керек. Жооп бере албасаңыз... Мен азыр сизге айтып жатам, жолдош Коргоо министри. Өзүңүздү колго алыңыз! Сиз Жогорку Кеңештесиз. Министрликтин коллегиясында отурган жоксуз, - деп ачууланды.

Бекболотов депутаттан сүйлөө тонун өзгөртүүнү суранганда, депутат Эрбаев ал дагы офицер экенин, сүйлөө тону бала кезинен калыптанып калганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости