www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 7 миллион 800 миң сомдук алдамчылык фактысына байланыштуу SIM-карталарды активдештирүүчү жана дропперликке шектелген эки жаран кармалды.
Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу байланышып, аны тыюу салынган уюмдарды каржылоого тиешеси бар деп ишендиришкен. Психологиялык басым көрсөтүү аркылуу алар 7,8 миллион сом акчасын алып кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1999-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран кармалып, анын активдештирген абоненттик номерлери алдамчылык схемасында колдонулганы аныкталган. Ошондой эле жабырлануучунун акчасы которулган банктык эсептин ээси – 2007-жылы туулган А.Д. дагы кармалган. Ал өзүнүн банктык картасын үчүнчү жактарга пайдаланууга берип койгону белгилүү болгон.
Соттун чечими менен эки шектүү тең эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.
Тинтүү учурунда 155 SIM-карта, 7 уюлдук телефон, 2 ноутбук жана экспертизага жөнөтүлгөн алтын түстөгү буюмдар салынган 8 зип-пакет алынган.
ИИМ жарандарды банктык карталарын, эсептерин, SIM-карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө, белгисиз адамдардан келген чалууларга жана билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.