www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө балдарга кош фамилия берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, ата-энелер баласына атасы менен апасынын фамилиясын дефис аркылуу бириктирип, каалаган тартипте ыйгарууга укуктуу болот.

Бекешевге Елена Хан менен Титовдордун үй-бүлөсү балдарына Титов-Хан деген фамилия ыйгарууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок учурдагы мыйзамдарда балага кош фамилия берүү мүмкүнчүлүгү жок экени негиздемеде белгиленген. Эгер мыйзам кабыл алынса, бала Титов-Хан же Хан-Титов деп каттала алат.

Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда үч фамилия берүүгө тыюу салуу каралган. Бул фамилиялардын өтө узарып кетишине жол бербөө максатында сунушталууда.

Демилгенин авторлору белгилегендей, саамалык ата-эненин экөөнүн тең фамилиясын сактоого шарт түзөрү кошумчаланган.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости