www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовду Биринчи май райондук соту актады. Бул туурасында аталган соттун маалымат кызматынан кабарлады.
Буга чейин анын иштеринен кылмыштын белгилерин табышкан.
Эшимовду 2021-жылдын 11-сентябрында УКМК ири суммадагы шылуунчулук жасаган деген шек менен колго түшүргөн.
"Атайын комитет А.Д. аттуу адамга Эшимов 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан "Кыргызстан" партиясынын алдынкы бештигине өткөрөм деп убада берген. Бул үчүн БШК мүчөсү "партия лидерлеринин бири" менен 550 миң доллар алып, бирок сөзүнүн өтөсүнө чыга албай 300 миң долларын кайтарып берген", — деп билдирген ошол кезде.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши ачылган.
Булак: NazarNews.kg