www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Иш күндүн кечи" программасында Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн бизнесине байланышкан журналисттик иликтөөгө комментарий берди. Ал дагы бир жолу Ташиевди каралап чыкты. Буга чейин Темиров Live редакциясынын журналисттери Камчыбек Ташиевдин мунай бизнеси тууралуу иликтөө жасаган. Иликтөөдө Ташиевдин баласынын компаниясы көпчүлүк учурда тендерден утуп чыгары айтылган.
Байсалов бул окуяга кыпчылып: "Бул манипуляция. Эми эле тендерден ута башташты деп жатышат. Камчыбек Ташиев бензинди цистерна менен жолдун боюнда туруп сата баштаган. Кийин Жалал-Абадда май куюучу станциялардын тармагы менен иштеп чоң бизнесменге айланды. Ал өзүн-өзү жараткан адам. Ал ишкерликтен баштап саясатка чейин өзүн көрсөтө алды. Ал Акаевдин убагында эле бензин сата баштаган", - деп жар салды.
Жазылбаган эреже боюнча Эдил Байсаловдун социалдык тармактарды тейлеген «вице-премьерлик» мансабы аялзатынын орду болуп келген. Бул орунга Кубанеычбек Жумалиев байлыгы менен колдогон Роза Аманова жетпей калганы менен андан башка Аида Исмаилова, Камила Талиева сыяктуу кыргыздын ай жүздүү, акылман кыздары иштеп келишкен. Эмнегедир гейлерди колдоп келген Эдил Байсалов ушул орунду алгандан бери бул жер чыр-чатактуу мансапка айланды. Эдиреңдеген Эдил Байсалов кызмат ордун сактап калыш үчүн бийлик айдактап койсо, үрүп чыккан дөбөткө айланды, ал жөндөн –жөн туруп эле манасчы Дөөлөттү «наадан» деп атады. Азырынча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул айткан сөзү боюнча комментарий бере элек. Бирок анын айткан сөзү социалдык тармакта катуу талкууга алынып, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратууда. Беделдүү атка минердин бул сөздү айтканы жарашпас, эми Эдил Байсалов кантип акталар экен?
Буга чейин “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин директору Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган. Дөөлөт Сыдыков “Манас айылынын” айланасындагы окуяларга байланыштуу өзүнө коркутуулар болуп жатканын билдирген. Кыргызстандан чыгып кетүүгө да чоң себептер болгон. Кызматты уруп ойнобой, Эдил Байсаловчо мансап десе баса жыгылбай, жумушту өткөрүп берген, «Манас» айылына башынан эле Нургалы Асаналиев, Марат Турсунбековтор аралашып башташты эле, чатакка айланды. Азыркы бийликтин абалы, жүзү ушул турбайбы деген ой, Манаска ушундай мамиле кылып жатышса, манасчы Дөөлөт эмне кылмак, айла жок кетсе керек. Нургалы Асаналиев, Марат Турсунбековтор башынан эле, тоготпой коркутуп өз билемдиктерин кылып антип коёбуз, минтип коёбуз деп келишкен. Аягы Дөөлөттүн кетүүсүнө туура келген окшойт.
“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып, аталган комплекстин директору, залкар манасчы Дөөлөт Сыдыков чукул кайрылуу жасаган. Андан көп өтпөй, залкар манасчыны басып алып жаткан топ кысымга алып, коркутуп жатканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү президенттин маалымат кызматы комплекстин жер тилкеси президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык экенин билдирип, ал жайгашкан жердин беш сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатканын айткан. Бирок, 5 сотых эмес, андан көп жерди алып жатышканын Сыдыков билдирген. Көп өтпөй мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасы жайгашкан жерде салына турчу Ак үй тууралуу үн каткан. Манасчы, “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин мурунку директору Дөөлөт Сыдыков Ал “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин чуусунан улам жумушун өткөрүп берип, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Азырынча кайсы өлкөгө чыгып кеткени белгисиз.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дөөлөт Сыдыковду «наадан» деп социалдык баракчасына жазган Эдил Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Кыргызстандан чыгып кетишинин себебин минтип түшүндүрдү айтты.
«Манас эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөгө даңаза кылып өткөргөнүбүз менен улуу касиеттин алып жүрүүчү болгон манасчыларыбызга, төкмө акындарыбызга, дастанчыларыбызга кош көңүл мамиле жасалып, мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бөлүнбөй келген экен. Президент Садыр Жапаров тарыхтын бул аласын, катасын оңдоп, бул өнөрдүн ээлерине өзгөчө көңүл бөлө баштады.
Алгач мамлекеттик Манас театры негизделип, андан соң ага улуттук статус берилди. Өлкө жетекчилиги улуу өнөрдүн ээлери татыктуу айлык-акы алып, турмуш шартынан кыйналбасын деп айлык-акыны дагы татыктуу коюп берди. Ушул күндөрү манасчылар, төкмө акындар, дастанчыларыбыз эч кимдин көзүн карабаган, мамлекеттик камкордугундагы өнөр ээлерине айланды.
«Манас эпосу – кыргыз элинин рухий дүйнөсүнүн туу чокусу», - деп Чыңгыз Төрөкулович айткандай, бул өнөр жылоологон таланттарга мамлекет камкордугун мындан ары дагы улантат.
Эми көңүл жылытарлык иштер жасалып жатканда, көңүлдү иренжиткен дагы адамдардын чыгары турган иш экен. Андай окуянын бири Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду.
Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем. Эми президент өзү барып, жаңы Манас айылы кандай болорун көргөзүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым.
Ырамандын Ырчы уулу, Токтогул, Сагымбай, Саякбай эмне Манастын ишинен күмөн санап, сөзүн калп көрүп, терсаяктанышат беле? Же Балык ооз манасчы Байтиктин айтканын жалган дейт беле?
Дөөлөт Сыдыков Гиннес китепке эң узак Манас айткан манасчы катары кирем деп, өзүн Саякбайдан өйдө көрүп жүргөндөн көрө, алар кандай адам болгонун өздөштүрсө болмок экен.
Кыргыздын тарыхында эч бир манасчы ордуман турбай, тыным албай узак Манас айтам деп Манастын кадырына шек келтирген эмес. Гиннестин китебине кимдер гана кирбейт? Ити да кирет, бити да кирет.
Мен Ала-Тоо аянтына туруп алып, 14 саат бою муктаждыгын аткарып дагы койбой, Манас айтканда бул адамдын максаты кандай деп таң калгам. Аны Манас айтуу дебейт, аны өзүн-өзү кыйноо дейт. Көрсө Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп тура», - деп белгилеген Байсалов. Кыргызды Гиннес китеби аркылуу ааламга тааныткан Дөөлөт нааданбы, же бийликти кошоматчылыгы менен элге таанытып жаткан Байсаловбу?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg