www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүлүктүдө Тажикстан Республикасынын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКга Тажикстан Республикасынын жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Анын негизинде ушул жылдын 29-апрелинде Сүлүктү шаарында Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылында туулуп-өскөн 11 жаран кармалды.
Аталган факт боюнча 30-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кармалган тажик жарандары УКМКнын абагына киргизилди, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg