www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылык жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алып, зыянга учураткан жаранды кармашты.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын март айында милицияга Ысык-Көл районунун тургуну арыз менен кайрылып, материалдык чыгым келтирген жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 2023-жылы жайында бейтааныш жаран арыз ээсинин ишеничине кирип, 40 баш коюн, 3 баш уюн жана 2 баш музоосун сатып берем деп алдап алып кеткен. Андан тышкары банктан 250 миң сом насыя алдыртып, алдап кеткен.
Арыз Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Ысык-Көл районунун 1968-жылкы тургуну А.А. кармалган. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат.
Шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.