www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуучулардан акча чогулткандарга ири суммада айып пул салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактар 200 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса жеке жактар 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң айып төлөйт. Муну көзөмөлдөө Ички иштер министрлигине жүктөлөт.

Эл өкүлү мектепте акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгы чыкканына карабай улантылып жаткандыктан жоопкерчилик киргизүү керектигин белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости