www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелип тиш доктур кармалды

Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды, деп билдирет Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы. 23-апрель күнү Ш.Б. аттуу жаран «Н» аттуу жаранга чара көрүүнү суранып кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, 2020-жылдын 11-сентябрында шаардагы стоматологиялык борборлордун биринде «Н» жарандын ишенимине кирип, алдоо жолу менен брекет коюп берүүнү убада кылып, 34 500 сом акча каражатын ээлеп алган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты Октябрь РИИБдин Кылмыштардын жана жоукртардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1997-жылы туулган Э.Н.дин өздүгү такталып, кармалган. Октябрь райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы бекиткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости