www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча жумушчу топ экс-президент Нурсултан Назарбаевдин макамын "Эгемен Казакстандын негиздөөчүсү" катары өлкөнүн баш мыйзамына киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган жумушчу топтун мүчөсү Ермек Абдрасулов 25-апрелдеги брифинг маалында билдирди.

"Баш мыйзамда Конституция жана конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салына турган нерселер жазылды. Жумушчу топ бул макамды мыйзамга кайрылып отурбастан эле, Конституциянын өзүнө киргизүү зарыл деп тапты. Тактап айтканда, Казакстандын туңгуч президенти — Эгемен Казакстандын негиздөөчүсү", — деди Абдрасулов.

Ал бул сунушту "туңгуч президенттин өлкөнү куруудагы зор эмгек жасаганы менен түшүндүрүп, ага бүтүн дүйнө күбө экенин" айтты.

Бул демилгени Казакстанда бир катар юристтер сынга алууда. Конституциялык укук боюнча юрист Акиф Сулейманов Баш мыйзамда казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы узак жылдарга барып такалары жазылганын, Казакстан СССРдин таркашынан улам көз карандысыздык алып калганын белгилейт. Ошол себептүү ал Назарбаев Казакстандын негиздөөчүсү деп эсептелбей турганын "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Казакстандын Баш мыйзамына 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдө биринчи президент – елбасы макамы каралган. Айрым жергиликтүү юристтер Конституциянын бул макам жазылбаган 1995-жылкы үлгүсүнө кайтууну талап кылып келишет.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда Назарбаевдин маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурунку кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.

Серепчилер Январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырап, президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири күчөгөнүн билдирип келишет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости