www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстанда Кадыр түнгө карата мунапыс жарыяланып, камактагы 514 киши эркиндикке чыкты. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Сердар Бердымухамедов кол койду.
Абактан чыккан адамдардын аты-жөнү жарыяланган жок. Бирок расмий билдирүүдө алар "кылган иштерине өкүнүчтөрүн билдиргени" жазылган.
Өз булактардын маалыматына караганда, мунапыс менен эркиндикке чыккандардын арасында 15 жыл абакта отурган Түркмөнстандын экс-маданият министри жана Ахал облусунун мурдагы башчысы Энебай Атаева да бар. Ал экс-президент Гурбангулы Бердымухамедов кызматка келери менен камакка алынган.
"Версиялардын бирине ылайык, Атаева Бердымухамедовдун жеке өч алуусунун курмандыгы болгон. Ал 2002-2004-жылдары Ахал облусунун башчысы, Бердымухамедов министр болуп турганда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бердымухамедов облус башчысынан жеке колдонуу үчүн жер сураганда ал бербей койгону айтылып жүрөт", - деп билдирди булак.
Ал ортодо "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып, Гурбангулы Бердымухамедов кызматка келгенден кийин камакка алынган улуттук коопсуздук министринин мурдагы орун басары Довлетгелды Байжаев март айында абакта каза болгонун кабарлады. 2007-жылы соттолгондон бери анын жакындары менен бир да жолу жолугушуусуна уруксат берилген эмес. Байжаев 50 жашта болчу.
Түркмөнстандын абактарында камактагылар өтө көп экени айтылып келет. Түрмөлөрдү изилдөө боюнча эл аралык борбордун маалыматына ылайык, ар бир 100 миң адамга карата камактагылардын саны боюнча Түркмөнстан АКШ менен Сальвадордон кийинки үчүнчү орунда турат. 2017-жылдын аягында жарыяланган маалыматка караганда, түркмөн абактарында 30 452 адам бар болчу.
"Аларды тирүү көрсөткүлө!" деп аталган эл аралык өнөктүктүн маалыматына ылайык, Түркмөнстандын түрмөлөрүндө 120дан ашык киши дайынсыз жоголгон.
Булак: NazarNews.kg