www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оппозиция элди дүрбөтүп, 1 миллиард долларга жакын тыштан карыз алды деп айтып жаткан маалымат калп. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.
Өлкө башчы каалоочулар Каржы министрлигине барып иликтеп көрсө болорун белгиледи.
"2020-жылдын октябрынан берки тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү. Муну иликтегичтер Каржы министрлигине барып тактап чыксаңар болот. Анан да бул сумма мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча. Мындан тышкары, бир топ каражат грант түрүндө келип жатат. Алар кайтарымсыз. Мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз. Кыскасы, президенттик биринчи мөөнөтүм бүткөнчө тышкы карызыбыздын эң жок дегенде жарымын жаап кеткенге аракет кылам", — деди Жапаров.
Булак: NazarNews.kg