www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыркы депутаттар да, келечектеги депутат болом дегендер да Жогорку Кеӊешке депутат болуу мансап эле эмес, чоӊ жоопкерчилик экендигин түшүнүшү керек»- деди бүгүн, 25-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Венера Акматова.

- Венера эже, окумуштуунун көзү менен 7-чакырылыштын депутаттарына кандай баа бересиз? Буга чейин кагаз окуп урушкан депутаттар болду беле?

- Тилекке каршы, ЖКнын 7-чакырылышынын депутаттары «ээрге мингенде эле кыйшык» отуруп калышпадыбы. Шайлоонун жүрүшүнөн тартып, шайлоонун жыйынтыгы да чоӊ шектенүүлөргө негиз жаратты.

Биринчи жыйналышында эле опон-топон сынга кабылып, элдин нааразычылыгын жаратышты. Айрым эл өкүлдөрүн карап отуруп, «элдин өкүлү эмес эле, кимдир бирөө тарабынан атайын окшоштор тандалып, дайындалганбы» деген ойго келесиӊ.

Азыркы депутаттар да, келечектеги депутат болом дегендер да Жогорку Кеӊешке депутат болуу мансап эле эмес, чоӊ жоопкерчилик экендигин, инсандык, кесиптик, интеллектуалдык даярдык, тажрыйба керек экендигин түшүнсө жакшы болмок.

Антпесе ар бир жасаган кадамынан жаӊылып, элдин катуу сынына кабылып, күлкү-мазактоого алына берүүдөн өткөн кордук жок да. Анын баарына өздөрү жол берип атышат. Бир депутаттын кылыгына таӊ калып бүткүчө, экинчиси сөзүнөн чалынып атпайбы. «Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт» эмеспи.

Алардын кылык-жоругу далай кеп-сөз болуп, түшүнгөн адамга бет кызарта турган акыбалдар улам кайталанып атканы өкүнүчтүү.

Андан өкүнүчтүүсү даярдыгы жок эл өкүлдөрү элдин аӊ сезиминде Жогорку Кеӊештин кадыр-баркын кетирип жатышат. Кагазга жазып алып урушкан эл өкүлүнүн жоругу жолдо калсын. Ал жигиттин окуган эмесмин, жерди карап алып сүйлөгөм деп актанганы түштөн кийинки сөз болуп калды.

Эӊ жаманы – ал кишинин өзүнүн пикири жок экен, башка бирөөнүн диктовкасы, үйрөтүүсү менен ал тургай жазып бергенин окуп атат дегендей таасир калтырып койду. «Кагаз менен урушуу» Улан Бакасовдун автобиографиясындагы эӊ кейиштүү учур болуп калганына шегим жок.

- Эмнеге Мадумаров кесиптештеринин сынына кабылды? Ал ылгабай сүйлөп, кесиптештерин капа кылып жатабы?

- А.Мадумаровдун сөзүнө айрым эл өкүлдөрүнө оор келип атканын түшүнсө болот. Байкасаӊыздар, аялдарга эмес, жигиттерге жага бербей атат. Өзүн бакыйган эл өкүлү экенине маашырланып, ички амбициясы ашып-ташып турган эр жигиттердин ар бир сөзүнө түзөтүү киргизе берген адамды бир күн болбосо бир күн «өз акылыӊыз өзүнүзгө буюрсун» деп айтып жибериштери толук күтүлүүчү нерсе эле.

Ар бир адамдын өзүнүн Эгосу бар, ага улам-улам шек келтире берүү «атты башка чаба берсеӊ, бир күн сени жыга тебе тургандай» абалга алып келет. Негизи сын айтуу, өз пикирин билдирүү, позициясын коргоо маданияты – абдан чоӊ маданият, чоӊ эркти, тарбияны талап кылат.

Аны урушуп, зекип, акылдуусунбай, башканы кемсинтүү оттеногу жок эле айтса болот да. Депуттардын көпчүлүгү отчетко, тигил же бул маселени көтөрүп келген бийлик өкүлдөрүнө эч бир этикага сыйбаган мамиле жасашат.

Сүйлөтө коюшпайт, же «билбейсиӊ» дегенге аябай басым жасашат. Психологияда башка адамдын билбегенин улам баса айта берүүнүн өзү кайсы бир ички комплекстин чагылышы болуп саналат.

Мен бийлик өкүлдөрүн актаган жокмун, бирок катуу сынды, орундуу сунушту деле кызматтык этиканын чегинде, демитпей, кемсинтпей эле айтса болот да. Биздеги кызматтык карым-катышта – совет мезгилинен калган келишпес антагонисттик маанай дагы эле сакталып калган.

«Ким менин пикириме кошулбаса, ал мага душман» позициясы күчтүү. Эл бийлегенди, эл өкүлү болуп элдин атынан сүйлөгөндү каалаган жигиттерибиз ушундай адаттардан кутулуп, көбүрөөк окуп, тажрыйба топтоп, инсан катары өскөндү унутушпаса.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости