www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарыхчы жана саясат таануучу Табылды Акеров Украинада эки айдан бери жүрүп жаткан согуш жана анын чыгуу себептери тууралуу: Украина менен Орусиядагы улутчулдук – экөөндө тең – 1990-жылдарда эле күч ала баштаган, эки тарап тең өзүн байыркы Киев Русунун мураскери катары эсептегенден келишкис карама-каршылыктар чыкты. Мындай араздашуу илимий жана идеологиялык деңгээл менен гана чектелбестен, аскерий кагылышууга чейин жетти. Эгер Украина – СССРдин мурасы катары калган өзөктүк куралдан баш тартпаганда, анын сөзү азыр өтүмдүүрөк болмок, бирок Батыштын басымы менен Украина өзүнүн өзөктүк мурасын Орусияга өткөрүп берген жана эми ошонун кесепетин тартууда.