www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жума күнү кечинде Руслан Казакбаев кызматтан алынды, ошол күнү күндүз ал Орусия менен Борбор Азия жумурияттарынын тышкы иштер министрлеринин онлайн-жолугушуусуна катышкан. Ошол конференция тууралуу Кыргызстандын негизги маалымат каражаттары кабар бербегенине караганда, Казакбаевдин отставкасы көптөн бери даярдалып келгендей. Анын ордуна жаңы министр дароо табылганы дагы ошону көрсөтөт.
Казакбаев министрликке 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин келген жана ал кезде бул кадам – 9-октябрдагы тополоңдон кийин Казакбаевдин шефине каршы аракеттерди жумшартуу катары кабыл алынган. Ал шеф андан бери өз арактеттерин токтотпогону дагы, андан тышкары, акыркы мезгилде Москвада бир нече генералдын кызматтан алынганы да отставкага себеп болушу мүмкүн. Дипломатияга чейин Казакбаев КГБда иштеген.
Айрымдар анын кызматтан кетишин – 15-апрелде Бишкекке АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зеянын келип кеткени менен байланыштырат, анткени Зея айым – 2015-жылы Атамбаев жокко чыгарган келишимди кайра түзүү тууралуу макулдашып кеткен. Андай да болушу мүмкүн, бирок дипломатиядагы чечимдер демейде мынчалык ылдам кабыл алынбайт.