www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ЖОЖдордогу коррупциянын таш-талканын чыгарып таштайлы, убакыт келди», - деди бүгүн, 25-апрелде NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек ага, депутат болуш үчүн жогорку билимдүү болуш керек деген норманы алып салыш керек деген депутаттар да чыкты. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Бул маселе боюнча башка пикирлер дагы болушу мүмкүн эмес! Албетте, депутат жогорку билимдүү болуусу шарт. Болгондо дагы эң сапаттуу жана терең билимге ээ болгон инсан эл өкүлү болуп тандалып келүүсү абзел. Анан кандай болмок эле?

Парламентибиз өзү Жогорку Кеңеш деп аталып жатат го? Ал бир палаталуу болуп кесипкөй статуста иштейт. Жогорку интеллектуалдык билим талап кылынган мыйзамдар, токтомдор жана башка маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Ооба, Конституциянын 37-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнө ылайык «Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумдарга катышууга укуктуу» деп белгиленген.

Бирок, 76-берененин 1- жана 2-бөлүктөрүндө «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат» деп көрсөтүлгөн. Демек «Шайлоо Кодекси» муну жөнгө салуу тартибин тескейт.  Бул дүйнөлүк практика.

Ошондуктан кандай гана коом болбосун өзүнүн эң татыктуу уул-кыздарын эл өкүлу катары парламентке мүчө кылып жөнөтөт. 

Тилекке каршы, бизде иш жүзүндө кандай болуп жатат?  Кээ бир депутаттардын деңгээлинен эл тажап бүттү го? Жалганбы? Же ушинтип эле жүрө берелиби? Эл өкүлү болгуң келеби? Убагында керектүү билимди ал. Мыйзамга баш ий!

Жогорку билим - бул кесипкөйлүктүн айныгыс белгиси. Ооба, ал алган билим мыйзамдуу болуусу керек. Жасалма дипломду алган киши менен аны берген ЖОЖдун башчылары бирдей жазаланышы абзел.

Анан жасалма диплом болуп калат экен деп, парламентибиздин мүчөлөрүнүн билим деңгээлин төмөндөтүүгө жол берүүнүн өзү бери эле дегенде келечегибизге кылган чыккынчылык менен барабар. Андан көрө ЖОЖдордогу коррупциянын таш-талканын чыгарып таштайлы да? Убакыт келди.

Кээ бир адамдар өтө эле чектен чыгып кетишти.  "Бул менин кишим, ал эми тигил мага жат!" - деген позицияда болсок, коомбуз биротоло бузулат дагы мамлекетибиз тез эле жок болот.

Кээ бир депутаттык демилгелерди айдактап уюштуруп коюп, мыйыгынан күлүп отурган душмандарыбыз арбын экендигин унутпайлы, жакшылар!

Акылыңарга келип, мындай мыйзамдарды кабыл албагыла. Менимче, президент өзү деле бул мыйзамга кол коюудан баш тартат деген үмүтүм бар!

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости