www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылык менен күн кечиргени айтылып аткан адам ажыга барса, анысы кабыл алынабы? Акыркы кездерде “ажылык” статуска жамынып алып, өздөрүнүн былык иштерин жашырган же жүргүзгөн алдар көсөөлөр көбөйүп кетти. Саматбек Ибраев да ажылыкка барып, анан: “мына мен ажымын, таптазамын, ажы адамдар мындай иштерге барбайт...”- деп актанууну көздөп жатабы? Же сапар алдында чындап Кудайдан коркуп, бизнестеги өнөктөшүнон кечирим сурап, ишти оңдоп, бюджетке анан банкка карыздарынан кутулабы?

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Саматбек Ибраевдин тегерегиндеги чырдын улам жаңы жагдайлары ачыкка чыга баштады. Патриоттук демилгеге жамынып алып, ондогон жылдардан бери бир кесим нанды бөлүшүп жеп жүргөн өнөктөштөрүн кантип сызга олтургузууну чечкенин, компетенттүү органдар анын кызматтык абалынан чочугансып, кол куушуруп олтурганын мурунку макалаларда кеп салганбыз. Теманы биз топтогон жаңы фактылар менен улантабыз...

Курулуш материалдарын дүң жана чекене баада сатуу жаатында Саматбек Ибраев менен Шабданов Майрамкул Турдукулович тең өнөктөштүк негизинде “Строймир” компаниясын түптөшөт. Ошондо эле келечекти көрө билген С.Ибраев компаниядагы 50 пайыздык үлүшүн жубайы - Иманкулова Нуржан Ракимовнага каттаткан. Бирок, компания түптөлгөн күндөн тартып, 2015-жылга чейин баш директорлукту Саматбек Кулукеевич өзү жүргүзүп келген. Андан соң 2018-жылга чейин башкы директор болуп компаниянын экинчи кожоюну Майрамкул Турдукуловичтин иниси – Эльдияр Шабданов иштеген. Ал эми 2018-жылдан бери “Строймирде” С.Ибраевдин уулу Данияр Ибраев башкы директор болуп турат.

Бизнес-өнөктөштөрдүн ортосундагы чырдын чыгышына жүз миллиондогон сомдордун изсиз жоголуп кеткени себеп болгон. Ибраевдер буга Майрамкул Шабдановду күнөөлөгөн. Буга байланыштуу “Строймирдин” экинчи кожоюну көз карандысыз аудитордук компанияны жалдап, компаниянын финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө алууну чечет. Бирок, “кыңыр иш кырк жылда...” дегендей, абийирлери айрандай төгүлүп калаарын билгендиктенби, же башка себеби барбы, Ибраевден аудитке караманча каршы чыгышат. Аудитордук компаниянын кызматкерлерин киргизбей коюшат. Буга байланыштуу, аудитордук текшерүүгө тоскоолдук жараткандыгы боюнча Ибраевдердин үстүнөн бизнес-өнөктөштөрү Финполицияга кайрылышат. Ал жерден дагы жылыш болбогон соң, прокуратурага көзөмөл иретинде кайрылууга аргасыз болушат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып калган. Ошого карабастан, С.Ибраев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси кызматынан пайдаланып, текшерүүгө бут тосуп келатат. Мунун баары бир гана максатты көздөөдө. Учурда Ибраевдердин үй-бүлөсү жана ”Строймир” ЖЧКсынын бухгалтерлери, юристи бизнес-өнөктөшүнө каршы жалган айыптоолорду уюштуруп, рейдерлик жол менен компанияны толугу менен жеке менчиктерине тартып алууга аракет жасоодо. Алардын ар бир кадамы дал ушул максатты көздөп жасалганын аныктоого болот.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости