www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелип, Бишкек СИЗО-1ге камалган Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришкендей, шектүү сүйлөшүү учурунда 14-ноябрдан бери тамак-аштан баш тартып жатканын айтып, бул системага нааразычылыгын билдирген.

«Соттолуучу ага карата негизсиз айыптар тагылган, анын маселеси жарандык процессте каралышы керек деп эсептейт. Маалыматка ылайык, анын колунда бардык ырастоочу документтер бар. Мындан тышкары, Гүлзат Мамытбек Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги кармоонун начар шарттарына, тактап айтканда, кат-кабарлардын өз убагында жөнөтүлбөй жатканына жана кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болду», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Анын айтымында, СИЗОнун жетекчилиги борбордун өкүлдөрү менен болгон маегинде Гүлзат Мамытбектин бардык каттары дароо даректерге жөнөтүлүп жатканын билдирген.

«Абактагы адам президентке, ошондой эле УКМКга, Акыйкатчы институтуна, БУУга жана АКШ менен Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу жазган. СИЗО-1 жетекчиси өз кызматкерлерине Гүлзат Мамытбек тарабынан даярдалган каттарды өз убагында жөнөтүүнү тапшырды», - деп билдиришти УКМКдан.

Эске сала кетсек, Гүлзат Мамытбек алдамчылык боюнча жети факты боюнча шектелүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жабырлануучуларга аз убакыттын ичинде ашыкча киреше берүүнү убада кылган, бирок акчаны алып, изин жашырып кеткен. 2020-жылы блогер издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Ал 25-октябрда Кыргызстанга келери менен кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости