www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мэрияга караштуу ишканалардын жетекчилери оозго алына баштаса эле тынчы кете берет. Өзүнөн жөндөмдүү, акылдуурак кадрлардан коркот. Ал, Ош шаардык мэриясын атасынан калган энчидей көрүп алса керек.

Күздөгү президенттик шайлоо соңунан кийин, Оштун шаар башчысы алмашат экен деген кеп тарап, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормоновдун мэр болуп калышы мүмкүндүгү айтылган. Андан көп өтпөй эле, Айтмамат Кадырбаев Жапар Ормоновго кол көтөрүп, экөө уруша кеткен. Айтмамат Кадырбаев Оштогу чиновниктерди "Каралар" менен коркутмай адаты бар. Эмне болсо эле, "чаптырып кетем, жок кылып коем" деп коркутат.

Эми, "Ош тазалык" ишканасынын жетекчиси Талант Капаров иши менен таанылып, элине жагып келе жаткан. Шаардыктардын арасында, "Капаров азамат экен, Ошту башкарса болчудай" деген алкыш сөздөр көп айтылчу болду. Ал тургай, интернетте "Жакында, Талант Капаров мэр болуп калышы мүмкүн" деген талкуулар болуп калып жатат. Мына ушуну окуп калган Айтмамат Кадырбаев капыстан эле Ош шаарынын тазалыгын тинтип кирди. ОшТВ телеканалы аркылуу рейд уюштуруп, эфир аркылуу эптеп акыр-чикир таап, Талант Капаровду урушумуш болду.

Муну менен, Талант Капаровдун кадырын түшүргүсү келди. Бирок, Айтмамат Кадырбаевдин деңгээлин, мүнөзүн билгендер баш чайкап гана тим болушту. Бул ичи тар, өзүнөн акылдууну көрө албаган Кадырбаевдин кылыгы качан токтойт экен?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости