www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Жарандык палатасынын маалыматтык коомду, ЖМКны жана массалык коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Малькевич мекендештеринен «террор жана аңчылык» жүрүп жатканы тууралуу материалдар келип жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

Анын айтымында, азыр орустар үчүн Батышта жашоо кооптуу болуп калган. «Азыркы учурда бардык жерде орустардын жашоосуна кооптуу болуп калды. Мага көптөгөн адамдар террор болуп жатканын, орус номурлары эмес, «Z» тамгасы менен унаа издеп жүргөнү тууралуу материалдарды жөнөтүшөт», - деди Малькевич.

Малькевич орусиялыктардын жеке маалыматтары социалдык тармактарда ачыкка чыгып жатканын баса белгиледи: телефон номурлары, даректери жана сырсөздөрү. «Молдавияда расмий түрдө ИИМдин башкы инспектору Z жана V тамгалары бар унаалар тууралуу маалыматты түз телефон аркылуу кабыл алып жатканын билдирди. Алар жети жылга чейин эркинен ажыратылат», - деп кошумчалады ал.

Малкевич ошондой эле ага ар кайсы өлкөлөрдөн орустарга карата «айбанчылык мамилеси» жөнүндө көптөгөн билдирүүлөр келип жатканын айтты: аларга кызмат көрсөтүлбөйт, унаалар өрттөлүүдө, медициналык клиникалар орус тилдүү бейтаптарды кабыл алуудан баш тартууда.

Биз жарандык коомдун өлкөгө, бизге каршы чыккан мүчөлөрүн катуу четке какканды үйрөнүшүбүз керек. Албетте, биздин ФИДЕнин президентине сурообуз бар, ал биз билгендей Орусиянын жараны да. Анда биз анын отсавкасын талап кыла албыз. Анкени орус жараны өзүнүн орусиячыл позициясы үчүн дагы бир орус жаранын басмырлаганы жол берилгис жагдай. Биз азыркы коомдо эмне болуп жатканын аныктап, чечишибиз керек», - деп жыйынтыктады Малкевич.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улут аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген. Ал тургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле, Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур. Ошол эле учурда серепчилер Батыш орусиялык сырьёдон баш тартса, өздөрү бир топ зыянга учурарын айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости